Мугалимдер.kg: 32 жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Айнабү Эстебесова мектепте алып баруучулук милдетти аткарып, волейбол ойнойт

Мугалимдер.kg: 32 жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Айнабү Эстебесова мектепте алып баруучулук милдетти аткарып, волейбол ойнойт

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы «Мугалимдер.kg» рубрикасын ачты. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Талас облусунун Манас айылынын 56 жаштагы тургуну Айнабү Эстебесова. Ал 32 жылдан бери башталгыч класстарга билим берип, 9 классты бүтүргөнгө жетишти. Учурда бүтүп кеткен балдарынын балдарын окутуп жаткан кези.

Айнабү Эстебесова 1962-жылы 2-февралда Талас районуна караштуу Таш-Арык айылында төрөлүп, ошол айылдык мектепти ийгиликтүү аяктаган. Мектепте окуп жүргөндө эле «мугалим болуп, колума таяк кармап, сабак өтөм» деп үйдөгүлөрүнө айта берчү экен. Кичинекей коңшу кыздар-балдарды отургузуп алып, аларга сабак өтчү.

Ошентип, кыялы орундалып, учурда кичинекей окуучулар менен иштешип жатат. Анын айтымында, чоң балдарга караганда, өспүрүм балдар менен иштегенди жакшы көрөт. «Алар менен иштөө өзүнчө эле бир кубаныч. Балдардын ою таза, баарын түз кабыл алышат», - дейт ал.

«1980-жылы Ош педагогикалык институтунун башталгыч класстарга билим берүү адистигин аяктагам. Курбу кызым менен Ошко барып, тапшырып, ошол жактан окуп калгам. Таласка 1985-жылы келип, алгачкы эмгек жолумду Долон (азыркы Эсенбеков) орто мектебинен баштагам. 1 жыл иштегенден кийин коңшу Манас айылына келин болуп келип, турмуш куруп калдым. 1986-жылдан бери Манас айылындагы Ш.Жумагулов атындагы орто мектепте мотурайган балдарга билим берип келем. Буга катар комсомол комитетинде мүчө болуп иштегем. Мында, ар кыл маселелерди талкууга салып, иштин оң жагына багытталган чечимдерди чыгарчубуз. Мектептеги көйгөй жараткан балдарды ата-энелери менен чогуу сүйлөшүүлөр аркылуу карачубуз.

Уюштуруу иштеринде активдүү болгондуктан, мектепте иш-чараларга алып баруучу болуп келем, эжейлер арасында волейбол боюнча команда түзүп, азыркы күнгө чейин «Сергек жашоо керек!» деген ураан менен ойнойбуз. Өзүм башталгыч класстын мугалими болсом да, чоң класстар үчүн кызыктуу дебат, «Акыл ордо» жана башка оюн-зоокторду уюштуруп берип жүрөм.

Мектепти бүтүп кеткен балдарым менен 10-20 жылдыктарда жолугушуп калганда: «Эже, сиз дагы деле активдүү болуп жүрүп, картайбапсыз. Бизди урушпай тарбиялап, окуттуңуз», - деп айтып калышат.

Мен балдарга өз апасындай мээрим төгүп, тарбиялап келем. Сүйүнүү менен күндө жумушка келип, балдарыма заман талабына ылайыкташкан система менен билим берем», - дейт мугалим кесиби боюнча.

А.Эстебесова иш убагында кызыктуу учурлар көп болорун айтат. «Бүтүп кеткен бир классым менен сабак өтүп жаткам. Алар ошондо мектептин босогосун жаңы атташкан эле. Тамгалардын айтылышын кайталап алып, сөздөрдү окуй баштадык. Бир балама кезек келип, «А-Т» кандай сөз болду десем, «жылкы» болду деп баарыбызды күлдүргөн.

Мен балдарды баттан иштеткенди жакшы көрөт элем. Бардык балдар баа алып, сүйлөп, сабакка катышышчу, көмүскөдө тынч отуруп калган бала болбойт эле. Алгачкы мугалимдик күндөрүмдүн биринде директорубуз сабагыма кирип калды. Ошондо мен сабакты тезинен өтүп жатып, балдарды аябай шаштырган экенмин. Балдарымдын бирөөсү суралбай калып, капа болбосун деген ой менен, «кана-кана, айта кой, сен айта кой, бол-бол» деп эле коңгуроо кагылгыча баарын сурап калганга жетиштим. Сабагым бүтүп, сыртка чыкканда директорум: «Айна, сен шаштырганыңдан артта отуруп, мен да тура калып жооп берип жиберейин деп жаттым», - деп айтып күлөт. Ошол эсимден кетпейт», - деп айтып берди ал кызыктуу окуялары жөнүндө.

Айнабү эже убакысында китеп окуп, компьютер менен иштейт. Анткени азыр бардыгы компьютерлештирилип калгандыктан, балдарга сабак кызыктуу болсун деп, слайд жасап, ар кандай мультимедиалык көрсөтүүлөрдү даярдайт. «Биз өспүрүм балдар менен иштегендиктен, аларды олимпадага даярдап чыгарбайбыз. Бирок көчүрүү сынактарына даярдык көрөбүз. Чейрек боюнча көрсөткүчү төмөн окуучу болсо, кечинде үйүмө барбасам да мейли деп, кечке калып ал балага жардам берип, түшүнбөй калган жерин кайрадан түшүндүрүп окутам. Балдардын каталарын, жетишпестиктерин көрүп, үйгө барып, тынч уктай албайм. Күнүнкүсүн күндө жардам берем. Негизинен, классымдагы окуучуларым активдүү жана жакшы окушат.

Эмгегим бааланып, райондун, Кыргыз Республикасынын профсоюз уюмунун, областтын, Билим берүү жана илим министрлигинин грамоталарына ээ болгом жана 2009-жылы «Эл агартуунун отличниги» наамын алгам», - деп айтып берди ал.

Учурда Айнабү эже 4 кыз жана 1 уулдун апасы.

Сиз дагы сүйүктүү мугалимдер жөнүндө, билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up