Кеминдеги мектептерде мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди (видео, сүрөт)

Кеминдеги мектептерде мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовдун 90 жылдыгы белгиленди (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Кемин районунун жалпы билим берүүчү уюмдарында 2018-жылдын сентябрь айында Кыргыз ССРнин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына карата таанып-билүүчү иш-чаралар өткөрүлдү.

Мектептерде С.Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган конференциялар, кечелер, тегерек столдор, викториналар, класстык тарбиялык сааттар өткөрүлүп, анын ишмердүүлүгүн чагылдырган, өмүр таржымалы туурасындагы ар кандай көргөзмөлөр, бурчтар, дубал гезиттер уюштурулду.

О.Коңурбаев атындагы Самансур орто мектебинде 10-октябрда С.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата райондук иш-чара өткөрүлүп, ага Кемин районунун жалпы мектептеринин тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Султан Ибраимовдун басып өткөн жолу жана айыл чарба багытындагы алгылыктуу иштери окуучулар тарабынан сахналаштырылып көрсөтүлдү. Анын келечек муунду патриоттуулуукка тарбиялаган баа жеткис эмгеги, өмүр таржымалы, баскан жолу тууралуу көркөм окуулар айтылып, баяндама окулуп, слайд көрсөтүлдү. Иш-чара чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up