Тоңдун окуучулары Жогорку Кеңеште болушту (сүрөт)

Тоңдун окуучулары Жогорку Кеңеште болушту (сүрөт)

Билим АКИpress - Тоң айыл өкмөтүнүн демилгеси менен «Тоң — менин кичи мекеним» сынагы жарыяланып, анда активдүүлүгүн көрсөткөн 4 алдыңкы окуучу Бишкек шаарына келишти. Тоң айыл аймагында жайгашкан Азис Салиев, Макеш Аламанов, Жусуп Турусбеков атындагы жана Тосор орто мектептеринен 40ка чукул окуучуну МАИ кызматкерлеринин коштоосунда 2 кичиавтобус менен Тоң айыл өкмөт башчысы Болот Мамбетов алып барган.

Алгач окуучулар «Манас» кинотеатрынан «Көк бөрү» тасмасын көрүп чыгышты. Андан соң түштөнүп алышып, Жогорку Кеңешке жол алышты. Ал жактан окуучуларды депутат Каныбек Иманалиев тосуп алды. Депутат менен жолугушуу учурунда окуучулар саясат, сүйүү, Кумтөр, тарых, үй-бүлө, Ысык-Көл форуму, Ч.Айтматов, чыгармачылык ж.б. боюнча көптөгөн суроолорду узатышты. Каныбек Капашевич ар бир суроого ачык жана ар тараптуу маалыматтар менен жооп берди.

Жолугушуудан соң окуучулар ЖКнын китепканасы, жыйындар өтүүчү залы менен таанышып чыгып, эстеликке сүрөткө түшүштү.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up