Кеминде мыкты мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Кеминде мыкты мугалимдер сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Кемин районундагы маданият үйүндө 2018-жылдын 8-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин күнү райондук деңгээлде белгиленди. Ага Жогорку Кеңештин депутаты А.Жамангулов, КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Солтонбекова жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Ж.Дүйшөбаев катышып, алдыңкы мугалимдерге Ардак грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырышты.

Салтанатка ошондой эле райондун мектептеринен 300дөн ашуун мугалим, мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери катышты. Анда 3 мугалимге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары, 1 мугалимге КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Кеменгер» төш белгиси ыйгарылып, 2 мугалим Ардак грамота менен сыйланышты. Ошондой эле 9 жаш мугалимге акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан «Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата», «Биринчи мугалим» деген аталышта райондун башталгыч класстарынын, көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген 10 мугалимине ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан тышкары, 6 мугалим Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасына ээ болду.

Ошондой эле Кемин райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан «Мыкты директор», «Мыкты окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары», «Мыкты уюштуруучу», «Мыкты мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси» номинацияларын жеңгендерге дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары, облустук предметтик олимпидадан окуучулары байгелүү орундарды алган мугалимдерге, жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку упайларды топтогон окуучуларды даярдаган мугалимдерге акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 13 мугалимге «Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси, 11 мугалимге Ардак грамота тапшырылып, 12 мугалимге райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары, билим берүү кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин профсоюздун грамоталары жана акчалай сыйлыктары берилди.

Иш-чара концерттик программа менен уланып, Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры тарабынан Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» чыгармасынын негизинде коюлган драма менен жыйынтыкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up