Бишкекте КМШнын мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездине 450 адам катышууда

Бишкекте КМШнын мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съездине 450 адам катышууда

Билим АКИpress - 2018-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V съезди өтүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Съезддин темасы – «Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын контекстиндеги КМШнын катышуучу-мамлекеттердин билим берүү системаларын өнүктүрүү». Иш-чарага жалпысынан билим берүү системасынын 450 өкүлү катышууда.

Съезддин ачылышы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциядсында өтүп, анда соң секциялык отурумдардын катышуучуларын шаардын мектептери жана университеттери кабыл алды. КМШ катышуучу-мамлекеттердин мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин мыктылары «Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланды. Съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү тармагындагы жетишкендиктеринин көргөзмөсү өттү.

Съезддин максаты — КМШнын катышуучу-мамлекеттердин билим берүү чөйрөсүндөгү интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө шарт түзүү, өз ара аракеттенүүнүн механизмдерин жана анын жаңы түрлөрүн активдүү издөөгө өбөлгө болуу.

Өз ишин аяктап, съезд жыйынтыктоочу резолюциясын кабыл алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up