Нарын университетинин окутуучулары менен студенттеринин арасында спорттук мелдеш өттү

Нарын университетинин окутуучулары менен студенттеринин арасында спорттук мелдеш өттү

Билим АКИpress - С.Намаатов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары менен студенттеринин арасында спорттун жеңил атлетика түрү боюнча мелдеш уюштурулду. Анда 1-4-курстардын студенттери 500 жана 1000 чакырым аралыктарга чуркашып, мөөрөй талашышты. Ал эми окутуучу агай-эжелер 300, 500, 400, 500 метр аралыктарга чуркап өтүштү.

Жыйынтыгында кыздар арасынды Ж.Жакшылык кызы, А.Марсбек кызы, Д.Эгизбекова, уландар арасында Р.Арстанбеков, Р.Саралаев, М.Алмазбеков, С.Темирбеков 1-орунду багындырышты. Окутуучулардан 45 жаштан жогорку жаштагы аялдар арасында 300 метр аралыкта чуркоо боюнча 1-орунду Ж.Усубалиева, 45 жаштан жогорку эркекетер арасында 500 метр аралыкта 1-орунду Ж.Мамбеталиев, 45 жашка чейинки аялдар арасында 400 метр аралыкта 1-орунду Ж.Өмүрбекова, 45 жашка чейинки эркектер арасында 500 метр аралыкта 1-орунду Б.Алтымышов камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө университеттин жетекчилиги тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мелдештин жеңүүчүлөрү Бишкек шаарында өтүүчү универсиадага катышат.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up