Нарында жаш лидерлердин жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 6 айлык курс башталды (сүрөт)

Нарында жаш лидерлердин жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу боюнча 6 айлык курс башталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун аймагындагы жаш лидерлердин квалификациясын жогорулатуу, жарандык активдүүлүгүн өрчүтүү максатында үчүнчү ирет «Дилгир» жаштар лидерлерин окутуучу 6 айлык курсу башталды.

Бул жолку окуунун ачылыш аземине Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаева, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев, Нарын шаардык мэрясынын адиси Тамара Усубалиева жана мурунку окутуулардын мыкты бүтүрүүчүлөрү жаштарга дем-күч болгон сөздөрүн арнап, долбоорго жана катышуучуларга ийгилик каалашты.

6 айлык курста окуу үчүн Нарын облусунун 5 районунан жана Нарын шаарынан 100дөн ашуун жаштар сынак тапшырып, 30 лидер тандалып алынган. Аларга 6 ай бою 7 темада окутуулар жүргүзүлмөкчү.

Окутуу курсу Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоорунун, Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосунда, Нарын облустук Жаштар ордосу жана Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан жүзөгө ашырылууда.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up