Токтогулда чатырда билим алып жаткан окуучулар мектептин имаратына көчүрүлөт

Токтогулда чатырда билим алып жаткан окуучулар мектептин имаратына көчүрүлөт

Билим АКИpress - Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндөгү чатырда билим алып жаткан окуучулар мектептин имаратына көчүрүлөт. Бул тууралуу Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы билдирди.

Анын айтымында, окуучулар 15-октябрдан баштап мектептин усулканасында билим алуусун улантышат. «Быйылкы окуу жылдын башынан тарта 50гө жакын окуучу имараттын жетишсиздигинен улам мектептин короосуна боз үй тигип, ошол жерде билим алып жатышкан. Кийинчерээк ӨКМ тарабынан 3 чатыр берилип, окуу процесси чатырда улантылып жаткан. Кечээ күнү бизде райондук коллегия болуп, айыл өкмөткө тийиштүү тапшырмалар берилип, бул боюнча иштер аткарылып жатканы айтылган. Эми 50дөй окуучу мектептин усулдук бөлмөсүндө эки нөөмөт менен билим алат, ал эми шашке чай суук түшүп калгандыктан, балдар отурган жерде берилет», - дейт Айна Нават кызы.

Ал эми Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыбек Бекишов азыркы тапта курулуш материалдары толук алынып, класстык бөлмөгө көчүрүлүп жатканын кошумчалады. «Окуучуларды мектептин имаратына көчүрүп жатабыз. Азыркы тапта курулуш шаймандары толук алынган, мугалимдердин усулдук каанасын коридорго көчүрүп, бош жаткан бөлмөнү класстык бөлмөгө айлантып жатабыз. Буйруса, иш эртең толугу менен аяктайт, дүйшөмбүдөн тарта окуучулар класстык бөлмөдө өз билимин улантышат. Мугалимдерди болсо коридорго көчүрүп, бир аз болсо да шарт түзүп, эки жагын тосуп жатабыз», - деди ал.

Мындан сырткары, ал алыс жакта жашаган окуучулар үчүн ноябрь айынан баштап кичиавтобус ишке кирерин, азыркы тапта оңдоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин маалым болгондой, Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө жайгашкан Анарбек Ибраимов атындагы №36 орто мектебинин 50гө жакын окуучулары быйылкы окуу жылында кыш мезгилин чатырда өткөрөрү айтылган болчу.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up