ЖАМУда түрдүү элдердин тилдериндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө талкуу жүрдү

ЖАМУда түрдүү элдердин тилдериндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө талкуу жүрдү

Билим АКИpress - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин маданияттар аралык байланыш жана лингвистика кафедрасы тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылына карата «Тилдерди үйрөнүүдө маданияттар аралык баарлашуудагы көйгөйлөр» деген темадагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болду. Иш-чара аталган кафедранын башчысы Гулмира Сатыбалдиева тарабынан уюшулган.

Конференцияда «Тилдерди үйрөнүүдө маданияттар аралык баарлашуудагы көйгөйлөр» деген теманын алкагында түрдүү элдердин маданияты, тарыхы, адабияты жана баарлашууда кыргыз, орус, англис, түрк, кытай тилдериндеги өзгөчөлүктөр, кыйынчылыктар жөнүндө талкуу жүрдү.

Окумуштуулар, илим изилдөөчүлөр лингвистика, котормо таануу, америка таануу, семиотика, тарых, адабият жана маданият темалары боюнча кызыктуу маалыматтарды беришти. Бизден билим алып жаткан студенттер тил гана үйрөнүп чектелбестен, ар мамлекеттин маданиятын, каада-салтын үйрөнө алышат», - дейт Сатыбалдиева.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, иш-чарага ЖАМУдагы илимдин докторлору, кандидаттар жана Британия, Кытай, Түркия, Америка мамлекеттеринен 10го жакын тил таануучулар келип, өз тилдериндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө баяндамаларды жасашты.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up