Ысык-Көл облусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Билим АКИpress - Мамлекеттик тил күнүнө карата Ысык-Көл облустук билим берүү системасында мектеп окуучулар арасында мамлекеттик тилге карата түрдү иш-чаралар, кароо-сынактар, тегерек столдор, мастер класстар өткөрүлүүдө. Ал эми облустагы бардык китепканаларда, маданият үйлөрүндө ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, китепканаларда мамлекеттик тилге карата атайын бучтар уюштурулган.

КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерге, шаарлардын мэрлерине тышкы жарнак такталарга учкул насаат сөздөрдү жана «Атанын сөзү – акылдын көзү» деген темада көрнөк-жарнактардын, накыл сөздөрдүн, макал-лакаптардын көргөзмөлөрүн уюштуруп, «Чыңгыздын тили – кыргыздын дили» темасында театрлаштырылган иш-чараларды өткөрүү жагы тапшырылган.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 2018-жылдын 21-сентябрында Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында облустун, райондук, шаардык китепкана башчыларынын, маданият бөлүм башчыларынын, мектеп директорлордун, жаштар комитетинин мүчөлөрүнүн, жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын жетекчилеринин, студенттердин катышуусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата «Чыңгыздын тили – кыргыздын дили» темасында облустук салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш чарага жалпы 540 адам катышты.

Салтанатты ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси ачып, облуста мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө салымдарын кошуп келген адамдарга Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси жана Ардак грамоталары тапшырылды.

Облустук иш-чаранын алкагында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун чыгармаларынан бир канча театрлаштырылган үзүндүлөр коюлуп, мамлекеттик тил жөнүндө ырлар окулуп, иш-чара Мамлекеттик тил гимнин ырдоо менен аяктады.

Ушул эле күнү К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан «Кыргыз тили жат болбосун биз үчүн, ырдап-бийлеп, сүйлөшөлү күнү-түн» аталышында орус тилдүү студенттер арасында кароо-сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө балуу белектер жана кыргыз тилиндеги китептер берилди.

Мамлекеттик тил күнүнө карата Т.Сыдыкбеков атындагы облустук китепкана тарабынын Каракол шаарындагы мектеп окуучулары арасында «Кыргыз тили көөнөрбөс, өчпөс тилим» аттуу облустук иш-чара өткөрүлүп, анда ага катышкандар демөөрчүлөрдүн баалуу белектери жана кыргыз тилиндеги китептер менен сыйланышты.

Облустун баардык район, шаарларында Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, ар бир билим берүү мекемелери бекитилген иш-чаралардын планына ылайык, салтанаттуу жыйындарды мамлекеттик тил гимни менен ачып, эне тили жөнүндө китепканалардын баардык бөлүктөрүндө ачык сааттар, көргөзмөлөр, диспуттар, тематикалык папкалар уюштурулуп, оюндар, майрамдык кечелер мектеп окуучуларынын, кесиптик окуу жайлардын студенттеринин катышуусунда болуп өттү. Ошондой эле башка мамлекеттик мекеме-ишканаларда жана коомдук секторлордо да мамлекеттик тилди үйрөнүү, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча кызматкерлердин компьютерлеринде кыргыз тамгасы орнотулуп, кыргызча жазууга мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Мындан тышкары, 2018-жылдын 10-октябрында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик унивеститети тарабынан «Мамлекеттик тил – улуттук иденттүүлүктүн негизи» аттуу илимий-практикалык форуму өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up