Джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирлерди жеңген Калысбек Чехияда өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка даярданууда

Джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирлерди жеңген Калысбек Чехияда өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка даярданууда

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз —Майрамкан уулу Калысбек. Ал джиу-джитсу уруш өнөрү боюнча 2018-жылдын 7-8-апрелинде өткөн Азия чемпионатында 22 мамлекеттин спортчулары арасында 3-орунду ээлеген.

Калысбек 2001-жылы Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында төрөлгөн. 7-класска чейин аталган айылдагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде окуп, үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Ивановка айылына көчүп кетишет. Бала кезинен эле спортко кызыккан Калысбек Ивановка айылына барганда кыялын ишке ашыра баштайт.

Ал джиу-джитсу менен машыгып, алдыңкы орундарды камсыз кылып, медалдардын ээси болгонго жетишет. Машыктыруучусу Эдил Үрүстөмов Калыска ар дайым дем-күч болуп турат.

Калысбек 2016-жылы, джиу-джитсу боюнча эл аралык турнирде 1-орунду, ушул эле спорт менен Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду, 2017-жылы самбо боюнча Кыргызстанда өткөн мелдеште 1-орунду, ушул эле жылы джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеште 1-орунду алган. 2018-жылдын 7-8-апрелинде өткөн Азия чемпионатында 22 мамлекеттин спортчулары арасында 3-орунду ээлеген.

Спортчу 20-октябрда Чехияда өтө турган Дүйнөлүк чемпионатка катышканы жатат. Азыркы учурда абасы таза, туулуп-өскөн Кош-Дөбө айылында машыгып жүргөн кези.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up