Баткендеги 2 мектеп ортосунда спорттук мелдеш өткөрүлдү

Билим АКИpress - Бүгүн, 16-октябрда Баткен районуна караштуу Самаркандек жана Дара айыл аймактарынын ден соолук комитеттери тарабынан Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде спорттук мелдеш болуп өттү. Акциянын негизги темасы — «Шаарыбыздын тазалыгы өз колубузда».

Акция В.И.Ленин атындагы жана «Кызыл-Топу» орто мектептеринин 8-9-10-11-класстарынын окуучулары арасында өттү. Иш-чаранын максаты — шаардын тазалыгын сактоо.

Мелештин жыйынтыгында 1-орунга В.И.Ленин орто мектебинин окуучулары чыкты. 2-орунга «Кызыл-Топу» орто мектебинин окуучулары жана 3-орунга В.И.Ленин орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары ээ болушту.

Иш-чаранын соңунда жеңүүчүлөргө атайын даярдалган белектер берилди. Ошондой эле окуучулар шаардык эс алуу жайындагы таштандыларды тазалашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up