Жумгалдагы алма фестивалында жалбырактан тигилген кийимдер, алмадан жасалган тамак-аштар көрсөтүлдү (сүрөт)

Жумгалдагы алма фестивалында жалбырактан тигилген кийимдер, алмадан жасалган тамак-аштар көрсөтүлдү (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылында алма фестивалы өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Фестиваль мектеп окуучулары тарабынан демилгеленип, Чаек айыл өкмөтү, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук администрациясы менен биргеликте өткөрүлдү.

Фестивалга жалпы 5 мектептин окуучулары катышты. Анда жалаң райондо өскөн алманын 30га чукул түрү жарманкеге коюлуп, алмадан жасалган кийимдер, кооздук буюмдар, тамак-аштар көрсөтүлүп, оюн-зооктор тартууланды.

Ошондой эле мектептер арасында жарыш жүрдү. Жыйынтыгында 1-орунду М.Алыбаев атындагы мектеби багындырып, 1500 сомго татыды. 2-орунду О.Ногойбаев атындагы орто мектеби алып, 1000 сомго ээ болду. Ал эми 3-орунду К.Акиев атындагы орто мектеби камсыздап, 500 сом байге утту.

Т.Турсунбаева жана Кекилик Жолдошбек уулу атындагы мектептеринин окуучулары кызыктыруучу сыйлыктарды алышты.

Фестивалга Чаек айыл өкмөтү 3000 сом бөлүп, райондук билим берүү бөлүмү жана акимчилик колдоо көрсөтүшкөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up