Аламүдүндө окуучулар арасында тартип бузуулардын алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө

Аламүдүндө окуучулар арасында тартип бузуулардын алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө

Билим АКИpress - Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №2 мектеп-гимназиясында «Тартип бузуулардын алдын алуу» деген темада окуучулар арасында профилактикалык иш-чара болуп өттү. Ага ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги А.Абдрахманов, Аламүдүн райондук ИИБдин жекчилиги, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, ошондой эле мектеп мугалимдери жана окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар жаштардын көчөдөгү тартип бузууларын көрсөтүшүп, аларды чечүү жолдорун талкуулашты. №2 мектеп-гимназиянын директору А.Өмүрова окуучулар үчүн атайын кутучалар орнотулуп, ага ар бир окуучу өз пикирин жана сунуштарын анонимдүү түрдө калтырып турууга мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, кутучага келип түшкөн каттар ар дайым каралып, көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Милициянын полковниги А.Абдрахманов жаштар өлкөнүн келечеги экенин билдирип, бүгүнкү тартип бузуу жана кылмыштуулукка барган балдар өз келечектерине кара так калтырарын кошумчалап, мектеп учурунда окуучулардын бир гана максаты — мыкты билим алып, келечекте өздөрү кыялданган кесиптерге ээ болуу экенин айтты.

№2 мектеп-гимназиясында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкери үчүн иш бөлмөсү бардык шарттары менен жайгаштырылгандыгы көргөзүлдү.

Жаш өспүрүмдөр арасындагы тартип бузуу жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери мугалимдер жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте Чүй облусу боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up