Үй тапшырма аткарбай, ар кайсы шылтоону айтып актанган окуучулар кайсы мектепте окушары аныкталды

Үй тапшырма аткарбай, ар кайсы шылтоону айтып актанган окуучулар кайсы мектепте окушары аныкталды

Билим АКИpress - Мектепке үй тапшырмасын аткарбай келген башталгыч класстын окуучулары мугалимдин алдында ар кандай шылтоолорду айтып, актанып жаткандагы видеосу социалдык тармактарда популярдуу болууда. Бул окуя кайсы мектепте болгону белгилүү болду.

Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылындагы Данаке Иманов атындагы орто мектебинин үй тапшырма аткарбай келген 2-класстын окуучуларын тарбия иштери боюнча директордун орун басары Рыскүл Нурдалиева кыргыз тили сабагы учурунда видеого тартып, инстаграм баракчасына жүктөгөн.

Рыскүл Нурдалиева бул тууралуу өз оюн билдирди. «Ал күнү балдар берилген тапшырмаларды аткарбай келгендиктен, жөн гана коркутуу иретинде сүрөткө жана видеого тарткам. Ал жакта эч кандай маселе жок», - дейт ал.

Ал эми аталган мектептин директору Айнагүл Кадыркулова окуя тууралуу кечээ гана билгендигин айтып, мугалимге эскертүү берилгенин билдирди. Кырдаалга байланыштуу балдардын ата-энелеринин, мектеп директорунун жана мугалимдин катышуусунда жыйын өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ата-энелер мугалимге карата дообуз жок деп, кол коюп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up