Таластагы К.Нанаев мектебинде кыргыз тилчи мугалимдердин облустук семинары өттү

Таластагы К.Нанаев мектебинде кыргыз тилчи мугалимдердин облустук семинары өттү

Билим АКИpress - Заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата 16-октябрда Талас районуна караштуу Арал айылынын К.Нанаев атындагы орто мектебинде «Канткенде адам улуу адам болот?» деген темада кыргыз тили жана адабияты сабагы боюнча облустук семинар болуп өттү. Ага КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укутуу өкүлчүлүгүнүн башкы адиси А.Озокеева, Талас мамлекеттик университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты А.Акынбекова, Талас билим берүү усулдук борборунун директору Т.Тилекматов, ошондой эле шаар-райондордун билим берүү мекемелеринен келген кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катышты.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаковдун шакирттери ачык сабактарын өтүп беришти. Жыйынтыгында өтүлгөн сабактар боюнча анализдер берилип, сунуштар айтылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up