Мугалимдер.kg: Жаш мугалим Мира Молдокулова даярдаган окуучулар олимпиада, сынактардан байгелүү кайтышат

Мугалимдер.kg: Жаш мугалим Мира Молдокулова даярдаган окуучулар олимпиада, сынактардан байгелүү кайтышат

Билим АКИpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы «Мугалимдер.kg» рубрикасын ачты. Анда агартуучулуктун түйшүктүү жумушун аткарып келе жаткан мугалимдер тууралуу сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — таластык 30 жаштагы мугалим Мира Молдокулова. Ал англис тили сабагын окуучулардын кызыгуусун арттыруу үчүн жаңы ыкмалар менен өтөт.

Молдокулова Мира 1988-жылы 10-октябрда Талас шаарында төрөлүп, №6 орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 2011-жылы Талас мамлекеттик университетинин англис тили сабагы боюнча мугалимдик адистикке ээ болгон. Биринчи эмгек жолун Бишкек шаарындагы «Оксфорд» мектебинде англис тилчи болуп баштаган, ал эми 2013-жылдан бери Талас шаарындагы №2 орто мектепте иштеп келет.

«Мен сабакта ар кандай ыкмаларды колдонуп, окуучуларды билимге умтулуп окууга үндөп келем. Мисалы, сабакта слалом, пирамида жана башка ыкмаларды колдонууу окуучулар үчүн кызыктуу жана пайдалуу, окуучуга жеткиликтүү болот. Ошондой эле окуучуларга жетишерлик даражада ойлонуп жооп берүүгө багыт берем. Мындан тышкары, мелдеш, дебат, практикалык, викториналык сабактарды уюштуруп келем.

Азыркы учурда аудиоугууларга басым жасап жатам. Анткени балдар китептен көрүп жазышат, окушат, угуу сезимдери бир кадам артта жүргөндөй. Мында англис сөздөрүн оңой жаттого болот. Былтыр англис тилчи мугалимдер менен бирге мектеп ичинде 5-6 класстар аралык «spelling bee» сынагын уюштуруп, балдарды шыктандырууга жардам бергем. Буйруса, быйыл да уюштуруу алдында турабыз.

«Билимкана» уюштурган олимпиадага менин 5-класстагы Курманбекова Акмарал аттуу окуучум катышып, республикалык турга чейин жетип, байкелүү орунду алып келген. Аябай жакшы окуган дагы бир окуучу «spelling bee» сынагынан 2-орунга ээ болгон», - дейт ал.

Изденген, жөндөмдүү мугалим мектепте окуп жүргөндө эле балдарга сабак берүүнү самачу экен. «Талыкпай эмгектенүүмдүн арты менен «Лингва», «Оксфорд» мектептеринин, Талас шаардык-райондук билим берүү бөлүмүнүн грамоталарына татыгам. 2017-жылы Америка элчилиги менен «Лингва» мектеби биргеликте Кыргызстан боюнча сынак уюштурган. Анда сабакка каралуучу план жазып, менин планым үлгүлүү деп табылып, байгелүү орунду алгам.
Ал эми мугалимдер арасында өткөн «Мыкты сабак» сынагында 2- орунга ээ болгом.

Менин мындай көрсөткүчтөрүмө себепкер болгон Динара жана Рахат аттуу эжейлерим. Алар мага жаңы жумушка кирип, иштегенден баштап көп нерселерди үйрөтүп, көмөк көрсөтүп келишет. Окуучуларым билимдүү болуп чыгуусу үчүн бүткүл күч-аракетимди жумшайм», - деди англис тили мугалими сөзүнүн аягында.

Мира Молдокулова 2012-жылы Талас шаарына келин болуп, үй-бүлө курган, учурда 1 баланын апасы.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up