Ошто билим берүү жаатында артта калган 10 мектептин директорлору эмне үчүн иштен алынган жок?

Ошто билим берүү жаатында артта калган 10 мектептин директорлору эмне үчүн иштен алынган жок?

Билим АКИpress - Буга чейин Ош шаардык билим берүү башкармалыгы Ош шаарындагы мектептердин рейтингин жарыялаган. Анда билим берүү багытында алдыңкы 10 мектептин жана артта калган 10 мектептин тизмеси белгилүү болгон.

Билим берүүнүн сапаты боюнча артта калган 10 мектептин сап башында №34 орто мектеби, экинчи сапта №45 орто мектеби, үчүнчү сапта №19 орто мектеби, төртүнчү сапта №22 орто мектеби, бешинчи сапта №33 орто мектеби, алтынчы сапта №24 орто мектеби, жетинчи сапта №29 орто мектеби, сегизинчи сапта №46 орто мектеби, тогузунчу сапта №49 орто мектеби турат. Ал эми акыркы ондукту №51 мектеп толуктайт.

Бул боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев пикирин билдирип, билими жагынан артта калган мектептердин директорлору иштен алынарын айткан. Деген менен бүгүнкү күндө акыркы ондуктагы мектептердин директорлору жумуштан алынган эмес. Аны Ош шаардык билим берүү башкармалыгы учурунда журналисттер мэрдин сөзүн бурмалап жибергени менен түшүндүрдү.

Башкармалыктын башкы усулчусу Тынчтыкбек Досмуратов буларга токтолду: «Ооба, анда мектептердин рейтинги жарыяланган. Анда биз дагы, мэр дагы артта калган мектептердин директорлору иштен алынары боюнча айткан эмес. Мэр директорлордун иш орду караларын гана айткан болчу. Аны журналисттер бурмалап, директорлор иштен алынат деп жиберишкен. Биз ал жерде мектептердин бир гана билим берүүсү боюнча эмес, башка маселелери боюнча да карап, анан рейтингин чыгарганбыз. Артта калган 10 мектептин директорлоруна эскертүүлөр берилген. Ал эми мектептердин рейтинги жарыяланганга чейин №33 орто мектептин директору өз каалоосу менен жумушунан кеткен», - деди ал.

Өз учурунда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Авазбек Асанов буга чейин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандыгын, анда жалпы эсепте Ош шаары 2-орунда экендигин, бирок ошол эле убакта «алтын сертификат» алуу боюнча Бишкек шаары бир катар алдыга оозуп кеткенине токтолуп, бул жаатта Ош шаары массалык маалымат каражаттарынын сынына кабылгандыгын айкан эле.

«Буга чейин билим берүү жаатында Ош шаары массалык маалымат каражаттарында кескин сынга алынган. Биз андагы сындарды туура кабыл алып, мындан жыйынтык чыгарууга аракет кылып жатабыз. Учурда Ош шаарындагы орус тилдүү мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери жетишсиз. Буга чейин орус тилдүү мугалимдер эки кезекте сабак берип келгени баарыбызга белгилүү», - деген А.Асанов.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгынан кийин Ош шаарынын мектептери чеке жылытарлык жыйынтыкка ээ болгон эмес. Мындан улам коомчулукта Ош шаардык билим берүү башкармалыгына нааразычылыктар жаралган.

Ош шаарындагы жалпы 54 мектепте 3 миңдей мугалим эмгектенет.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up