Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция окумуштуулардын, академиктердин катышуусунда өттү (сүрөт)

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция окумуштуулардын, академиктердин катышуусунда өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага окумуштуулар, академиктер, адабиятчылар, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, учурдагы парламенттин депутаттары катышты.

Алгач илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу документалдуу тасма көрсөтүлдү. Анда улуу калемгердин философиялык ой-толгоолору, адамдын дүйнө таануусу, нравалык принциптердин деформациялана башташы жана башка глобалдык көйгөйлөр боюнча көз караштары белгиленди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков иш-чараны ачып жатып, жазуучунун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жаткандарга ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун көсөм ойчулдугунан, көрөгөч калемгерлигинен сырткары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинде кызмат кылып, коомдук иштерге жигердүү катышып келгендигин эске салды. «Бүгүнкү илимий-практикалык конференцияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө омоктуу ойлор, олуттуу сунуштар айтылат деген ишеничтемин», - деди ал.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, окумуштуулар, адабиятчылар Айтматовдун чыгармачылыгы, коомдук жана дипломатиялык ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up