Ч.Айтматов калтырып кеткен бай мурас менен элибиздин рухий дүйнөсүн байытуу милдети турат, - илимдин доктору Жумагул Сааданбеков

Ч.Айтматов калтырып кеткен бай мурас менен элибиздин рухий дүйнөсүн байытуу милдети турат, - илимдин доктору Жумагул Сааданбеков

Билим АКИpress - Ч.Айтматов калтырып кеткен бай мурас менен элибиздин рухий дүйнөсүн байытуу милдети турат, деди саясат таануу илимдеринин доктору Жумагул Сааданбеков, бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөн илимий-практикалык конференцияда.

Ал гуманист жазуучу Чыңгыз Айтматов жашаган мезгил тарыхтын трагедияга жык толгон окуяларына туш болгондугуна тарых барактарындагы чоң-чоң окуяларды тизмектеп берди. Ж.Сооданбеков кылымдарда бир жаралган жазуучу Чыңгыз Айтматовдун теңдешсиз бир өзгөчүлүгү — ал көркөм сөздүн гана устаты эмес, улуу ойчул, философ экендигин баса белгиледи. «Ч.Айтматов бизге эбегейсиз бай мурастарды калтырып кетти. Эми элибиздин рухий дүйнөсүн ал байлыктар менен байытуу милдети турат», - дейт ал. Мындан сырткары, илимдин доктору илимий-практикалык конференцияга жогору баасын берип, мындай алгылыктуу саамалыкты салтка айлантууну сунуш кылды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев улуу калемгердин көсөмдүгүнө, даанышмандыгына анын өмүр-таржымалы менен дүйнөгө таанымал классикалык чыгармаларынан мисалдарды келтирди. Ошону менен катар экс-төрага Жогорку Кеңештин бир жыйынын улуу жазуучубуз Ч.Айтматовго арнап өткөрүүнү сунуш кылды.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, окумуштуулар, адабиятчылар Айтматовдун чыгармачылыгы, коомдук жана дипломатиялык ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up