Оштогу бала бакчалар кышка даяр

Оштогу бала бакчалар кышка даяр

Билим АКИpress - 17-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаадагы бала бакчалардын кышка даярдыгын текшерип чыкты. Алгач №27 «Чабалекей» балдар бакчысынын отканасынан кабар алып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Аталган бала бакчадагы откана 1975-жылы курулган. Ушул жылы откана толук реконструкцияланып, 670 миң сом сарпталган.

Шаар мэри Жапалак айыл аймактык башкармалыгындагы «Арча-Бешик» балдар бакчысынын отканасын текшерип, тарбияланып жаткан балдар менен да баарлашты. Бала бакчадагы ажаткананы толук оңдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Мындан тышкары, жаңыдан курулган №17 балдар бакчасынан да кабар алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up