Жалал-Абаддагы №9 инновациялык мектепте «Жол чырак бизде мейманда» акциясы уюштурулду

Жалал-Абаддагы №9 инновациялык мектепте «Жол чырак бизде мейманда» акциясы уюштурулду

Билим АКИpress - Жалал-Абад шаарындагы мектептерде жол кырсыктарынын алдын алуу жана балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын болтурбоо максатында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жана мектеп жамааты тарабынан шаардык билим берүү бөлүмү жана ата-энелердин катышуусунда бир топ иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Бүгүн, 19-октябрда Жалал-Абад шаарындагы №9 Р.Санатбаев атындагы инновациялык гимназия мектебинде «Жол чырак бизде мейманда» аттуу акция болуп өттү. Акцияда 4-5-класстардын окуучулары жол коопсуздугуна байланыштуу чакан концерттик программа тартуулап, жалпы коомчулукту жол эрежелерин сактоого чакырышты. Андан сырткары, жол көзөмөлдөө кызматкерлери дагы ата-энелердин сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берүү менен бирге жол коопсуздугун сактоого чакырып кетишти.

Жыл башынан бери шаарда 115 баланын катышуусунда жол кырсык орун алган. Анын кесепетинен 15 бала каза тапкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up