Жети-Өгүздө жаштар клубу түптөлдү

Билим АКИpress - Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жаштар клубу түптөлдү. Иш-чарага район аймагындагы 40 мектептин президенттери катышты. Алар жаштар арасында көтөрүлүп жаткан актуалдуу маселерди талкуулашып, сунуш-пикирлерин айтышты.

Жаштар клубу 3 багытта: окуу, спорт жана кайрымдуулук боюнча иш алып барат.

Мектептерден келген окуучулар ынтымак менен көп нерсени чүчүүгө боло турганын айтып чыгышты. Алдыда аталган клуб тарабынан улуттук өзгөчөлүктөгү иш-чара өткөрүлмөй болду. Райондогу жаштар клубунун төгагасы болуп Саруу айылынын Ж.Чабалдаев атындагы орто мектебинин окуучусу Кылымбек Кадыракунов дайындалды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up