Кош-Дөбөдөгү мектептин кыздары күзгү сынакта ат салышты (сүрөт)

Кош-Дөбөдөгү мектептин кыздары күзгү сынакта ат салышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айлындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинин 10-11-класстардагы окуучу кыздары арасында «Күзгү балл» сынагы болуп өттү. Сынакта окуучулар классы менен биргеликте төмөндөгүдөй тапшырмаларга даярданышкан:
1. Саламдашуу;
2. Бий;
3. Авангард;
4. «Менин фантазиям»;
5. Ыр аткаруу.

Кыздар өздөрүнүн фантазиясы менен салаттын түрлөрүн жасап, ашканада болгон жөндөмдүүлүктөрүн, «Авангард» тапшырмасы менен кийим тигүүгө болгон чеберчиликтерин, ойлоп табуу жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Иш-чаранын максаты — ар бир кыз өз индивидуалдуулугун, өнөрүн тайманбастык менен ачып көрсөтүү, класс аралык ынтымакты биргеликте иштөө менен бекемдөө.

Сынак окуучулардын келечектеги ырчы, бийчи, дизайнер, ашпозчулукка болгон шыктарын ойготту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up