Кыргызстанда жыл аягына чейин 39 мектеп ишке берилет

Кыргызстанда жыл аягына чейин 39 мектеп ишке берилет

Билим АКИpress - 2018-жылдагы республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча 255 объектинин тизмеси каржыланат деп көрсөтүлгөн. Ага кетүүчү чыгымдардын эсеби 2 млрд. 288 млн. 444 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин 22-октябрдагы отурумунда айтылды.

Тармактык комитет «Мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарынын курулушу жөнүндөгү» маселени карап, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматтарын укту.

Өкмөт өкүлү белгилегендей, 178 билим берүү мекемелеринин курулушу каралса, 59 билим берүү объектилерин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жагы пландалган. «2018-жылдын 20-октябрына карата 35 мектептин курулушу аяктап, 4 балдар бакчасынын курулушу бүткөрүлгөн. Жыл аягына чейин жалпысынан 39 мектептин ишке берилиши күтүлүүдө», - деп айтылат министрлер кабинетинин маалыматтарында.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up