Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда «Күз берекеси» сынагы өттү (сүрөт)

Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда «Күз берекеси» сынагы өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунда «Күз берекеси» сынагы өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жаратылыштын пайдалуу жактарын билүү, табиятка боорукердик менен мамиле жасоо, табият берген мөмө-жемиштерди пайдаланууну үйрөнүү, экологияны таза сактоо

Сынак 6 баскыч менен 5-6-класстардын окуучулары арасында өткөрүлдү. Сынакка 4 командадан 26 окуучу катышты:
- Техникалык чыгармачылык бөлүмүнүн «Интеллекты» ийриминен «Осенная бригада» командасы;
- Көркөм кол өнөрчүлүк бөлүмүнүн «Кийиз керемети» ийриминен «Алтын күз» командасы;
- Улуттук маданият жана тил бөлүмүнүн «Жан дүйнө» ийриминен «Жалбырак» командасы;
- Туризм жана экология бөлүмүнүн «Жаш край таануучулар» ийриминен «Мол түшүм» командасы.

Сынак алгач командалардын саламдашуусу менен башталып, андан соң командалар эмблема, дубал гезиттерди жана жасап келген икебаналарды, ар кандай мөмө-жемиштерден жасалган жаныбарлардын элестерин коюп, жактап беришти.
Андан кийин кызыктуу оюндар ойнотулуп, калыстар тобу тарабынан викториналык суроолор бериледи.

Окуучулар активдүүлүгүн көрсөтүп, жыйынтыгында 86 упай менен «Алтын күз» командасы 1-орунга ээ болду. Жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан диплом, ардак грамота жана белектер тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up