Нарында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү

Нарында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү

Билим АКИpress - Нарында жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын облусу боюнча ЖКККБнын штабынын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 22-октябрь күнү Нарын облусунун Жумгал, Кочкор, Ат-Башы РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүү максатында мектеп окуучуларына жана мугалимдерге жыйналыш өткөрүлүп, «Мугалимдер үчүн колдонмо», «Ата-энелер үчүн кеңеш» жана «Боёмо» аталышындагы китепчелер таратылып, жол эрежеси боюнча лекциялар окулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up