Кош-Дөбөдөгү мектепте Тарых декадасы болуп өттү (сүрөт)

Кош-Дөбөдөгү мектепте Тарых декадасы болуп өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын Э.Мейманов атындагы орто мектебинде 8-октябрдан 19-октябрга чейин Тарых декадасы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, декаданын алкагында ата-энелер менен биргеликте викторина, тапкычтар сынагы, «Тайлактын тарыхый бейнеси» аттуу сахна-сабак, мыкты дубал гезит, сүрөт сынактары уюштурулду.

Иш-чаранын максаты — ар бир окуучу өз ата-бабаларынын басып өткөн тарыхын билүү менен кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп берүү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up