Кара-Көлдө мектеп рекэтчилигине каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында зомбулукка жана мектеп рекэтчилигине каршы профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кара-Көл ШИИБден билдиришти.

Маалым богондой 17-октябрдан 19-октябрга чейин шаардагы бардык мектептерде зомбулукка жана окуучулар арасындагы рекэтчиликке каршы профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул иш-чарага 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышты.

Түшүндүрүү лекцияларын жашы жетелек өспүрүмдөр менен иш алып барган тескөөчүлөр жана шаардык социалдык коргоо башкармалыгынан өкүлдөрү окуп, зомбулук менен мектеп рекэтчилиги мыйзамда кандай каралгандыгын түшүндүрүп беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up