Нарындагы М.Бекмуратов мектебинде өрт коопсуздугун алдын алуу иш-чарасы өттү

Билим АКИpress - Нарын районунун М.Бекмуратов атындагы орто мектебинде администрация тарабынан окуучуларга өрт коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү штери жүргүзүлдү.

Мектепте коркунуч коңгуроосу берилип, класстагы окуучулар өрт схемасы боюнча сыртка чыгарылды. Аягында линейка өткөрүлүп, өрт коопсуздугу боюнча окуучуларга түшүнүк берилип, лекция окулду, ошондой эле өрт өчүргүчтүн иштөөсү практика жүзүндө көрсөтүлдү. Окуучулардан түзүлгөн ыктыярчы өрт өчүрүүчүлөрдүн иши жана өрт өчүрүүчү шаймандар менен тааныштырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up