Нарында китепканалардын аймактарды өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды (сүрөт)

Нарында китепканалардын аймактарды өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды  (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын районунда «Аймактарды өнүктүрүү жылында китепканалардын ролу» деген темада китепкана кызматкерлеринин семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чара Э.Ибраев атындагы Нарын райондук китепканасы тарабынан уюштурулуп, ага райондогу китепкана кызматкерлери жана жергиликтүү жетекчилер катышты. Иш-чаранын алкагында китепкана иши менен тааныштырылып, ЮНИСЕФтин «Балдарды эрте жашынан өнүктүрүү үчүн оюн жана билим берүү» долбоору презентацияланды.

Семинардын катышуучулары Миң-Булак айылдык китепканасынын иши менен таанышып, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Казан-Куйган айылдык китепканасы уюштурган Э.Ибраевдин 85 жылдыгына арналган иш-чарага катышышты.

А.Мамытов атындагы Эмгекчил айылдык китепканасында китепкана менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эриш-аркак иш алып баруусу жөнүндө маалымат берилди. Семинардын соңунда «Аймактарды өнүктүрүү жылында китепканалардагы алгылыктуу иштер» аттуу тегерек стол уюштурулуп, кеңири пикир алышуу болду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up