Сокулуктагы гимназияда америкалык ыктыярчылар англис тилин окутуп, кыргызча үйрөнүп кетишти

Сокулуктагы гимназияда америкалык ыктыярчылар англис тилин окутуп, кыргызча үйрөнүп кетишти

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка окуу-тарбиялык комплес-гимназиясында америкалык ыктыярчылар өз ишин жыйынтыкташты. Алар аталган гимназияда 1 ай бою өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, тилди түз үйрөтүү, башкача айтканда котормочусуз кабылдоо усулдарын колдонушту. Бул тууралуу аталган гимназиянын директору Лира Сыдыкова маалымдады.

Анын айтымында, Тынчтык корпусунун 5 ыктыярчысы: Зарек Рейчел, Диаз Мелина, Кроувеля Даниэле, Нейман Зак жана Лию Джон мугалимдерге, окуучуларга англис тилин түз үйрөтүү боюнча жаңы инновациялык ыкмаларда сабак өтүштү.

«Тилди түз үйрөтүү дегенибиз, адатта англис тилин орусчага которуп, андан соң кыргызча айтылчу эле. Бул жолку сөз сабаттуулугун арттырууда англис тили түз кыргызчага, кыргыз тили түз англисчеге которулуп, карым-катнаш түзүлдү. Биз, мугалимдер, англис тили боюнча билимибизди тереңдетсек, алар кыргызчаны кыска убакытта өздөштүрүштү. Айрыкча, окуучуларыбыздын билим сапаты жогорулады. Калыптанган жамаатка алардын тез арада сиңип кетиши, өтө жөнөкөйлүгү, этномаданий түшүнүктөрүбүзгө кылдат мамиле түзө билгендиги, интеллектуалдык деңгээли жогору экендиги жакты. Ошондой эле мугалимдерге Тынчтык корпусунун өкүлү Г.Акунова сертификат тапшырды. Үйрөнгөн усулдар, ыкмалар тереңдетилип, жалпыланып, жайылтылат», - деди гимназиянын директору, КРнын Билим берүүсүнүн отличниги Лира Сыдыкова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up