Нарын районундагы мектепте Комсомолдун 100 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - Нарын районунун М.Бекмуратов атындагы орто мектебинде «ВЛКСМ 100 жыл» деген темада тематикалык линейка өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага комсомолдун ардагерлери катышып, өткөн күндөрүн, жалындуу жаштыктарын, жасаган иштерин эскерип, кызыктуу аңгеме куруп беришти. Ал эми мугалим Махабат Барктабасова комсомолдун тарыхына арналган чакан баяндамасын окуп, видео-сүрөттөр көргөзүлдү.

Комсомолдун ардагери, тарых мугалими Аалыкадыр Абыкеев мектептин баштапкы комсомолдук уюмунун катчысы болгондугун айтып, жалындуу жаштык күндөрүн толкундануу менен эскерип, ошол кездеги жаштар комсомол аркылуу тарбия көргөндүгүн баса белгиледи. Акырында мугалимдер комсомол тууралуу өз билгендерин айтып берип, окуучулар кызыккан суроолорго жооп беришти. Ошондой эле катышуучулар комсомолдун тарыхына арналып уюштурулган көргөзмө менен таанышышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up