Мектеп артындагы рэкетчилик үчүн мугалимдер менен директорлор жоопко тартылбашы керек, - депутаттар

Мектеп артындагы рэкетчилик үчүн мугалимдер менен директорлор жоопко тартылбашы керек, - депутаттар

Билим АКИpress - Мектеп артындагы рекэтчилик үчүн мугалимдер менен мектеп директорлору жазаланбашы керек, деп эсептейт депутат Тазабек Икрамов. Ал мындай пикирин 24-октябрда парламенттин жыйынында айтты.

«Жакында рекэт тууралуу маалымат чыкты. Жазаны мугалимдер менен директор алышты. Менин оюмча, алар жоопкерчиликке тартылбашы керек. Биринчи кезекте баланы тарбиялоо менен ата-эне алектенет. Мугалимдер менен директор мектептен сырткары болгон нерселер үчүн жоопкерчиликтүү болбош керек», - деди ал.

Анын сөзүн депутат Рада Туманбаева («Республика — Ата Журт») колдоду. «Эгер бала бир нерсе болсо, биз мугалимдерге, мектеп директорлоруна жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекторго жаза беребиз. А эмне үчүн балдардын ата-энесин жоопко тартпайбыз? Алар да жоопкерчиликти мойнуна алыш керек, анткени бала тарбияны биринчи кезекте үй-бүлөдөн алат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up