Депутат А.Эргешов өкмөткө мектептерди куруу үчүн насыя алууну сунуштоодо

Депутат А.Эргешов өкмөткө мектептерди куруу үчүн насыя алууну сунуштоодо

Билим АКИpress - Жогорку Кеңештин депутаты Алмасбек Эргешов («Кыргызстан» фракциясы) 25-октябрда парламенттин жыйынында Кыргызстанга мектептерди куруу зарылдыгы тууралуу маселени көтөрүп чыкты.

Ал Билим берүү министрлигинин окуучулардын жана мектептердеги окуу орундарынын саны боюнча маалыматын берип, 413 миң окуучуга орун жетишпегенин белгилеп өттү.

А.Эргешов ар кандай маалыматтар боюнча, Кыргызстандын айрым мектептериндеги класстарда 50-60тан окуучу отурарын белгиледи. «Демократиялык көрсөткүчтөргө ылайык, окуучулардын саны жыл санап өсүүдө, ошол эле учурда ӨКМдин маалыматына таянсак, өлкөдө авариялык мектептер арбын. Бюджеттен каражат жетишсиз бөлүнүп жаткандыктан, көптөгөн объекттердин курулушу бүтпөй турат», - деди ал.

Ушуга байланыштуу эл өкүлү өкмөткө мектептерди куруу үчүн насыя алуу маселесин караштырууну сунуштады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up