Сауд Аравиянын каражатына мектеп куруу иштери эмне үчүн кечеңдеп жатат?

Сауд Аравиянын каражатына мектеп куруу иштери эмне үчүн кечеңдеп жатат?

Билим АКИpress - Депутат Аалы Карашев (КДП) Сауд Аравиясы менен 25 мектеп куруу тууралуу макулдашуу боюнча иштер кандай жүрүп жатканына кызыкдар.

«Бир нече жыл мурун биз макулдашууну бекиткенбиз, ага ылайык, мектептерди куруу үчүн бизге акча бөлүшкөн. Башында 16 мектеп жөнүндө сөз болгон, андан кийин 25 мектеп курулары тууралуу айтышты. Бул долбоорго эмне болду? Маселе ордунан жылдыбы?», - деп сурады ал 25-октябрда парламенттин жыйынында.

Ага жооп катары финансы министри Адылбек Касымалиев консультациялык компанияны тандоодо иш бир аз созулуп кеткенин билдирди. «Компанияны тандадык, бирок аны жактырышкан жок. Азыр жаңы компания тандалып, менин билишимче, алар менен макулдашуу түзүлгөн, алар мектептер курула турган жерлер менен таанышып жатышат. Маселе чечилери менен иш башталат», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up