Жаңы-Талаптагы мектепте химия жана биология сабактарынын өтүлүшүн жакшыртуу талкууланды

Жаңы-Талаптагы мектепте химия жана биология сабактарынын өтүлүшүн жакшыртуу талкууланды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Класстык журналдарды туура толтурууну жайылтуу» аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, 23-октябрь күнү Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинде семинар уюштурулуп, ага райондогу 18 орто мектептин химия жана биология сабактарынын мугалимдери жана окуу бөлүмүнүн башчылары катышты.

Семинар класстык журналдарды туура толтурууну, химия жана биология мугалимдеринин сабактарынын өтүлүшүн жакшыртууга арналды.

Иш-чаранын жүрүшүндө мугалимдерге керектүү көрсөтмө куралдарынын жаңылангандыгы, аталган мектептин заманбап жабдыктар менен камсыздалышы, заманбап технология жана жабдыктар менен сабак өтүлүшү өзгөчөлүк катары бааланды.

Андан сырткары, жазуучулар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы жана Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата окуучулар менен мугалимдер тарабынан даярдалган жазуучулардын чыгармаларынан үзүндүлөр театралдаштырылып көрсөтүлдү. Семинар чакан концерттик программа менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up