Ала-Букада жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

Ала-Букада жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чаралары өтүүдө

Билим АКИpress - Ала-Букада жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүүдө. РИИБдин маалыматында, мектеп окуучулары менен милиция кызматкерлери райондун ар бир мектебинде жолугушууларды уюштурууда.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана РИИБдин жетекчилиги жер-жерлерде жаш өспүрүмдөр менен уурулук, тоноочулук, эрте никеге туруу, мектеп рекэтчилиги, зомбулук, суицид, жол эрежелерин сактоо, сабак учурунда телефондорду колдонбоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ар бир барган кызматкер (кылмыш иликтөө, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана аймактык участкалык инспекторлор) өз багыттары боюнча кенен маалыматтарды, өз практикаларында болгон окуяларды айтып берип, ар дайым тыгыз кызматташып, көйгөйлөрүн түз угуп туруу үчүн ишеним телефондорун, жеке байланыш номерлерин, визиткаларын таркатууда.

Райондук ички иштер бөлүмүнун башчысы Райымбек Сулайманов азыркы мезгилде жаш өспүрүмдөрдүн көпчүлүгүнүн ата-энелери чет жактарга кетип, балдарга ойдогудай тарбия берилбей калгандыгын, заманбап маалымат технологияларынын өнүгүшүнүн таасирин эске алып, азыртан баштап келечек муундарга туура жол көрсөтө албасак, кийин коомубузда кылмыштардын саны мындан да көбөйүп-өсүп кетиши мүмкүн экендигин айтат. «Ал эми учурдагы аракеттерибиз жөн гана жыйнап-топтоп чогулуш өткөрүү эмес, жаштар менен пикир алышуу, алардын көйгөйлөрүн угуу аркылуу ишенимине ээ болуу», - деди ал.

Буга чейин Ала-Бука районунун Өрүктү, Ак-Коргон, 1-Май, Көк-Серек, Ак-Там айылдарында окуучулар менен жолугушуулар уюштурулган.

Жалал-Абад ОИИБдин талаптары менен бүткүл облус аймагында жаш өспүрумдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш-мерчемдер түзүлүп, аткарылууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up