Жалал-Абадда окуучулар ата-энелери менен «Жолдо жүрсөң сак бол» сынагына катышты (сүрөт)

Жалал-Абадда окуучулар ата-энелери менен «Жолдо жүрсөң сак бол» сынагына катышты (сүрөт)

Билим АКИpress - Кечээ, 25-октябрда «Жолдо жүрсөң сак бол» аталышындагы сынак өтүп, ага окуучулар ата-энелери менен бирге катышып, ат салышты.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү менен шаардык билим берүү башкармалыгы биргеликте С.Давлетов атындагы №14 гимназия мектебинде сынак уюштурушту. Иш-чаранын максаты — жол кырсыктарын алдын алуу жана жаш балдар катышкан жол кырсыктарын жоюу.

Сынактын жүрүшүндө класстар аралык мелдештер болуп өттү, 3-класстын окуучулары ата-энелери менен катышып, байгелүү орундар үчүн таймашты.

«Жеңүүчүлөр атайын даражадагы дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты. Андан соң жол кызматкерлери менен ата-энелер жолугушуп, жол эрежелери боюнча талкуулар болду. Ушундай эле жолугушуу, сынак жана акциялар №3 мектепте да болуп өттү», - деп маалымдайт ЖКККБдан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up