Ак-Муз айылындагы мектептин президенти шайланды

Ак-Муз айылындагы мектептин президенти шайланды

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагы Жакыпбек уулу Боогачы атындагы мектептин президенти шайланып, депутаттар дайындалып, инагурация болду. Бул тууралуу аталган мектептин парламентинин жетекчиси Байыш Абдыбеков билдирди.

Маалым болгондой, мектеп парламентинде 9 министрлик бар, алар өзүлөрүнө тиешелүү жумуштарды аткарып, убагы келгенде мандаттарын тапшырып турушат. Шайланган президент жана депутаттар окуучулардын жана мугалимдердин алдында ант беришет.

«Биздин мектептин «Илим өлкөсү» деп аталган парламенти бар, түзүлгөнүнө быйыл 22 жыл болду. Бул жерде демократиялык негизде шайлоо өтөт. Быйылкы жылы президенттикке 4 талапкер чыгып, алардын ичинен Сыймык Турарбеков 160 упайга ээ болуп, президент болду. Мындан сырткары, биздин мектепте 5 округда депутаттар шайланды, бардыгы атаандаштык жана альтернативалык жол менен шайланат. 9 министрлик бар, ошонун бардыгын бириктирип инагурация өткөрдүк. Өткөндө парламенттин мүчөлөрү мугалимдердин, окуучулардын алдында ант берүү аземин өткөрүштү. Алардын ар бирине мандаттарын тапшырып бергенбиз. Бул парламент коомчулукта болуп жаткан көйгөйлөрдү көтөрүшөт. Ошондой эле «Демилгечи топтор» бар, алар кары-картаңдардын үйүн жыйнап беришет», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up