Ат-Башыда «Кичинекей бөбөк — аймакка жөлөк» аталышындагы облустук семинар өттү (сүрөт)

Ат-Башыда «Кичинекей бөбөк — аймакка жөлөк» аталышындагы облустук семинар өттү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында облустук деңгээлде семинар өттү.

Маалым болгондой , аталган айылдын Саяк Исраилов атындагы бала бакчада өткөн иш-чарага Нарын облусунун билим берүү адистери, тарбиячылар катышты. Семинар «Кичинекей бөбөк — аймакка жөлөк» деп аталып, анда кыргыздын улуттук оюндары ойнолду. Иш-чарага жалпысынан 60-70ке чукул адам катышты.

Иш-чаранын максаты — кыргыздын улуттук оюндарын жайылтуу.

Ат-Башы райондук билим берүү тармагында 21 мектеп, 21 бала бакча жана 1 балдарга билим берүү борбору бар. Учурда райондогу 21 бала бакчада 1744 бала тарбияланууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up