Миң-Куштагы мектепин окуучулары «Акыл таймаш» сынагында билим сынашты

Билим АКИpress - Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебинде «Акыл таймаш» аттуу интеллектуалдык сынак өттү. Иш-чара келечек муундун билим алууга умтулуусун арттыруу максатында мектеп парламентинин аракети менен ишке ашырылды. Таймашка 6-7-8-9-10-класстардан жалпы 6 окуучу катышты.

Сынактын жыйынтыгында 1-2-орунду алган катышуучуларга грамота жана чакан белектер, 3-4-орунду ээлеген окуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн грамоталар тапшырылды.

Ал эми интеллектуалдык таймаштын жеңүүчүсү болуп 9-класстын окуучусу Жаныбекова Эркинай табылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up