Дилбаян жазуу боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Дилбаян жазуу боюнча республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Билим АКИpress - Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдык маарекесине карата 11-класстын окуучулары арасында жазуучунун балдарга арналган чыгармаларынын негизинде дилбаян жазуу боюнча республикалык сынак жыйынтыкталды. Аталган сынакты Билим берүү жана илим министрлиги менен «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмеси биргеликте уюштурган.

Сынакка республика боюнча жалпы 132 окуучу дилбаян жазган. Алардын ичинен суурулуп чыгып, байгелүү орундарга 7 окуучу ээ болду.

Дилбаян жазуу боюнча республикалык сынакка жигердүү катышкандыгы үчүн Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун, №2 Васильевка орто мектебинин 11-классынын окуучусу Конушева Мадина, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Б.Календеров атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Асимжан кызы Гүлзат, Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Т.Адыраңов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Уланов Каныбек сыйланды.

4-орунга Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун А.Истамбеков атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бозумбекова Уулжан ээ болду.

3-орунду Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун М.Шатманов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Нурдинова Нурсулуу алды.

2-орунга Баткен шаарынын Кызыл-Жол орто мектебинин 11-классынын окуучусу Досматов Каримберди ээ болду.

Ал эми баш байгени Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун С.Мырзалиев атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Айтыкул кызы Айназик жеңип алды.

Жеңүүчүлөрдүн дилбаяндарын www.aktalaa.com сайтынан окусаңыздар болот.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up