Ак-Талаадагы Э.Мейманов мектебинин окуучулары 2 белгилүү жазуучуну даңазалашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Айтматов ааламы» аттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Анара Нусупова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кечеде Ч.Айтматовдун окуучулар билбеген таланттары, сырлары жөнүндө баяндама жасалып, чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылды. Ошондой эле окуучулар Айтматовдун чыгармачылыгына, өмүрүнө арналган арноо-жоктоо ырларын көркөм окуп беришти.

Иш-чаранын максаты — окуучулардын адабиятка, китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, чыгармачылык менен изденүүгө үйрөттүү.

Ушул эле мектепте жазуучу, драматург, коомдук ишмер Шүкүрбек Бейшеналиевдин 90 жылдыгына карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Иш-чарада окуучулар Ш.Бейшеналиевдин «Кычан» чыгармасынан үзүндүлөрдү сахналаштырышты. Ошондой эле патриоттук сезимдерди ойготууучу флешмоб аткарышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up