Кара-Кулжанын Кайың-Талаа айылында китепкана ачылды

Билим АКИpress - Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылында Токтобай Сапиев атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Кызыл-Жар айыл өкмөт башчысы Бурканбек Айсаев билдирди.

Маалым болгондой, 26-октябрь күнү Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына караштуу Кайың-Талаа айылында Токтобай Сапиев атындагы китепкана пайдаланууга берилди. Ачылышына Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов, тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган китепкана жеке демөөрчү болгон Токтобай Сапиевдин балдары тарабынан курулду. Китепканынын курулушуна жалпы 800 миң сом сарпталып, анын 600 миң сому Т.Сапиевдин үй-бүлөсү тарабынан, ал эми 200 миң сом жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Мындан мурун аталган айылда китепкана болгон эмес.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up