Ошто «Акылтай» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт, видео)

Ошто «Акылтай» сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - 27-октябрда Ош шаарында окуучулар арасында «Акылтай» (кубик Рубика) сынагы өткөрүлүп, ага шаардагы 54 мектептен 50 окуучу катышты.

Таймаштын жүрүшүндө 2-турга 11 окуучу чыкты. Ал эми финалдык баскычта №17 Гагарин атындагы гимназия мектебинин окуучусу Искендер Жумабаев 23 секундда кубикти тизип, жеңишти багындырды. 2-орунду №14 Алтыбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Нуржигит Саякбаев (26 секунд) жана 3-орунду №6 Макаренко атындагы гимназия мектебинин окуучусу Санжар Матубраимов (30 секунд) камсыз кылышты.

«Акылтай» (кубик Рубика) сынагы Ош шаарында экинчи жолу өткөрүлдү. Кийинки сынак 2019-жылдын апрель айында болот.

Былтыркы сынакта Жамалдин Мирбабаев 29 секундда кубикти тизип, жеңишке жетишкен эле.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up