Кара-Көлдөгү №89 кесиптик лицейде «Эне тил жана Айтматов» сынагы өттү

Кара-Көлдөгү №89 кесиптик лицейде «Эне тил жана Айтматов» сынагы өттү

Билим АКИpress - Кара-Көл шаарында «Эне тил жана Айтматов» аталышындагы сынак болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Сынак №89 кесиптик лицейде 24-25-октябрь күндөрү болуп өтүп, ага аталган мекемеде билим алып жаткан окуучулардан куралган «Ак кеме», «Кызыл алма», «Делбирим», «Бетме-бет», «Айкөл» командалары катышты. Программагы ылайык, командалар улуу жазуучунун чыгармачылыгына байланышкан обондуу ырларды, көркөм окууларды, чыгармадан театралдаштырылган үзүндүлөрдү аткаруу, калыстар тобу окуган жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр кайсы чыгармага таандык экендиги боюнча күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду Шурукан Камбарбекова жетектеген «Айкөл» командасы, 2-орунду Бурул Кошалиева жетектеген «Ак кеме» командасы жана 3-орунду Айжан Кыдыкеева жетектеген «Бетме-бет» командасы камсыздашты.

Иш-чара Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Кыргыз тилинин 29 жылдыгына карата жарыяланган «Эне тил жана Айтматов» үч айлыгынын алкагында уюштурулду.

Сынактын максаты — мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, калктын сүйлөө маданиятын өстүрүү, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, чыгармаларын жайылтуу, жаңы муунду мекенчилдикке, табиятты коргоого жана адамгерчилик өңдүү мыкты сараттарга тарбиялоо жана улуттук баалуулуктарды, руханий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up