Ак-Муз айылындагы мектептин окуучулары карыларга жардам берүүнү адатка айлантышты

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун Ак-муз айылындагы Жакыпбек уулу Богачы атындагы орто мектебинин окуучулары карыларды камкордукка алышып, аларга жардамдарын үзбөй берүүнү адатка айлантышкан. Жогорку класстын окучулары топ-топко бөлүнүп алышып, маал-маалы менен айылдагы карыялардын үйлөрүндө болушуп, күнүмдүк тиричилигине жардам берип турушат.

Бул жолу окуучулар айылдагы карыларга жана багар-көрөрү жоктордун үйлөрүнө барып, короо-сарайларын иретке келтирип, кышка карата камылгаларына жардам көрсөтүп, үйлөрүн жыйнап, ичи-сыртын актап беришти. Ошондой эле өздөрү жасаган буюмдарды сатыпшып, андан түшкөн каражатка азык-түлүктөрдү да алып беришти. Карылар алардын мындай жардамына ыраазычылыктарын билдиришип, ак баталарын беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up