Караколдогу №4 мектептин сырты акталып, ашканасы 1 млн сомго жасалды

Караколдогу №4 мектептин сырты акталып, ашканасы 1 млн сомго жасалды

Билим АКИpress - Каракол шаарындагы №4 мектептин сырты акталып, ашканасы 1 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

Маалым болгондой, мектеп ишке берилгенине 27 жыл болуп, ошондон бери актала элек болчу. «Актоо иштерин бизде 40 жыл химия мугалими болуп иштеген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Ахматовдун балдары 80 миң сомго жасап беришти», - дейт мектеп жетекчилиги.

Ошондой эле Каракол шаардык бюджетинен 1 млн сом бөлүнүп, мектептин ашканасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Ал эми ашкананын тетиктери долбоор аркылуу берилген.

Аталган мектепте жалпы 664 окуучу билим алат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up