Чүйдө укук коргоо органдары окуучулар менен жолугушту

Чүйдө укук коргоо органдары окуучулар менен жолугушту

Билим АКИpress - Бүгүн, 29-октябрда Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Бакыт Караевдин катышуусунда райондогу мектеп окуучуларына укук коргоо кызматкерлери тарабынан зордук-зомбулук, эрте үй-бүлө куруу, мектеп рэкетечилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

«Иш-чарага райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Ч.Шаршеналиев жана Чүй району боюнча ЖКККБ жетекчилери, балдар менен иштөө инспекторлору болуп, райондогу мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдүк. Анда өзүнө өзү кол салуу (суицид), жашы жетелектер арасындагы зордук-зомбулук, эрте үй-бүлө куруу, мектеп рэкеттери жана жол кыймылынын эрежелери жөнүндө маектешүүлөр, түшүндүрүү иштери болду», - деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чарага 200гө жакын окуучулар катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up